Хусаинова Мехрибон Аблезовна

Туулган жылы:                                 27.12.1965 ж.

Туулган жери:                                  Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы

Улуту:                                                кыргыз

Байланыш маалыматтары, e-mail: +996 312 61-34-47                                 

Билими

В 2004 ж.- Бишкек гуманитардык университети, аймактык жана мамлекеттик башкаруу;

В 2009 ж. - Кыргызстан-Россия Славян университети, юриспруденция.

Эмгек ишмердүүлүгү

12.2013-ж.- азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматты өтөө бөлүмүнүн башчысы

02.2012-ж.- 12.2013-ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы

08.2011-ж.- 02.2012-ж. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу кызматынын начальниги (Улуттук Банктын «Экономикалык багыттагы дараметти күчөтүү» долбоорунун адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча эксперти)

04.2011-ж. - 08.2011-ж. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин кадрлар жана адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы (Улуттук Банктын «Экономикалык багыттагы дараметти күчөтүү» долбоорунун адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча эксперти)

02.2011-ж.- 04.2011-ж.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин ишин камсыздоо, статс-катчылардын ишмердигин координациялоо жана персоналды башкаруу бөлүмүнүн башчысы

12.2009-ж.- 02.2011-ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын персоналды башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы

08.2008-ж. - 12. 2009-ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин документациялык жана финансылык-чарбачылык камсыздоо кызматынын башчысы

12.2004-ж.- 08.2008-ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин жетектөөчү адиси, башкы адиси

06.1995-ж.- 12.2004-ж. Менчик тармактарда эмгектенүү

04.1991-ж.- 01.1992-ж. Кыргызстан комсомолунун Октябрь райкомунун комсомол уюмдар бөлүмүнүн (уюштуруу бөлүмүнүн) башчысы

06.1989-ж.- 04.1991-ж. Кыргызстан комсомолунун Биринчи май райкомунун комсомол уюмдар бөлүмүнүн (уюштуруу бөлүмүнүн) инструктору

09.1988-ж. - 06.1989-ж. Кыргызстан коммунистик партиянын Биринчи май райкомунун партиялык эсепке алуу секторунун статистиги

08.1987-ж.- 09.1988-ж. Кыргызстан комсомолунун Биринчи май райкомунун орто мектептердин топтору боюнча комсоргу

07.1984-ж.- 08.1987-ж. Фрунзе темир жол почтамтынын кадрлар бөлүмүнүн инспектору.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин катчысы (мамлекеттик органдардын статс-катчысынын бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоолорду уюштуруу жана өткөрүү, Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин отурумдарын уюштуруу жана өткөрүү).

Квалификацияны жогорулатуу:

  • "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик кызматтын гендердик көз караштарына окутуу" тренинг, ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" программасы (2007-ж.);
  • "Мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат саясатын талдоо жана иштеп чыгуу" тема боюнча окутуу курсу, Дүйнөлүк Банк GSAC/GTAC (2007-ж.);
  • Адам ресурстарын башкаруу маселеси боюнча тажрыйба алмашуу боюнча Латвия Республикасына сапар (Рига ш., 2010-ж.);
  • "Буйрук берүүчү ыкмаларды өнүктүрүү программасы" программа боюнча окутуу курсу, Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты реформалоого көмөктөшүү" долбоору, 2009-ж. июну –2010-ж. ноябры;
  • "Хэй Груп" эл аралык компаниянын (Москва ш.) "Эмгек акы, кызмат орундарын сүрөттөө, иштин натыйжалуулугун башкаруу" окутуу курсу – 2011-ж.;
  • Мамлекеттик кызматтын Сингапур колледжинде «Мамлекеттик кызматта адам ресурстарын башкаруу» тема боюнча окутуу семинар, - 2011-ж. Сингапур;  
  • ШОС өлкөлөрүнүн мамлекеттик кызматчылары үчүн семинар – 2012-ж., Пекин ш. КЭР;
  • Өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча семинар – 2013-ж., Шанхай ш, КЭР;
  • Адам ресурстарын башкаруу маселеси боюнча тажрыйба алмашуу боюнча сапар (мамлекеттик кызмат)  - 2015-ж., Малайзия;
  • Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, 2015-ж.

Сыйланган:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги" төш белгиси;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият жана коммуникация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун көзөмөлдөө жана теске салуу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамоталары.

Класстык чени:     Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.