Мамлекеттик кызмат боюнча

кеңештин 2016-жылдын

28-январындагы № 2-токтому

менен бекитилди

  

                                                 Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш жөнүндө

                                                                                   ЖОБО

   

  1. Жалпы жоболор
  2. Задачи 
  3. Функции 
  4. Организация 

 

  1. Жалпы жоболор
  1. Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш (мындан ары – Кеңеш) мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу, мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты реформалоонун негизги принциптерин ишке ашыруучу коллегиалдуу орган болуп саналат.
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам) ылайык Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жетекчиси туруктуу негизде (Кеңештин төрагасы);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары – Жогорку Кеңеш) тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары – Президент) тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган Президенттин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары – Өкмөт) тарабынан бир жылдык мөөнөттө дайындалган Өкмөттүн эки өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары – Жогорку сот) төрагасы тарабынан Жогорку соттун мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткө дайындалган Жогорку соттун бир өкүлү.

  1. Кеңештин мүчөлөрү кадыр-каркка ээ болгон, татыктуу жана эмгеги сиңирген инсандардын, Кыргыз Республикасынын жооптуу жана компетенттүү жарандарынын санынын ичинен тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан жекече дайындалат.

Кеңештин мүчөлөрү коомдук башталыштарда иштешет.

  1. Кеңештин мүчөсү:

- өз ыктыяры менен Кеңештин курамынан чыгып кете алат;

- Кеңештин ушул мүчөсүн дайындаган мамлекеттик орган же кызмат адамы тарабынан Кеңештин курамынан кайра чакырылышы мүмкүн.

  1. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
  2. Кеңештин жумушчу органы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат, анын иши Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам жана тийиштүү Жобо тарабынан жөнгө салынат.

 

  1. Кеңештин милдеттери 
  1. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- кесиптик мамлекеттик кызматтын жолун жолдоочулугун, турукташтыгын жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу;

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, макулдашып иштөөсүнө жана өз ара аракеттенүүсүнө багытталган мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, мамлекеттин кадрдык дараметинин өнүктүрүү;

- мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарды (мындан ары – мыйзамдар) түзүү жана өркүндөтүү;

- мамлекеттик кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу.

 

  1. Кеңештин функциялары жана ыйгарым укуктары
  1. Жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Кеңеш:

- мамлекеттик кызматты өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгат;

- мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын макулдашып иштөөсү жана өз ара аракеттенүүсү үчүн механизмдерди иштеп чыгат;

- мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты реформалоонун, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик кызматчылардын ишинин айкындуулугу жана ак ниеттүүлүгү, коррупцияга каршы саясатты жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелерди караган негизги принциптерди иштеп чыгат;

- мамлекеттик кызмат маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салат;

- мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жана Жогорку сотко киргизет;

- Кеңеш жөнүндө жобону бекитет жана өз компетенциясына кирген маселелер боюнча башка чечимдерди кабыл алат;

- Статс-катчы жөнүндө жобону бекитет;

- белгиленген тартипте статс-катчынын бош кызмат орунун ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрөт жана дайындоо үчүн талапкерди сунуш кылат;

- зарыл болгондо, Кеңеш тарабынан көрсөтүлгөн статс-катчынын кызмат орунуна талапкерди дайындоодон баш тартуу жөнүндөгү мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимин жарыялоого укуктуу;

- статс-катчысын бошотууга макулдук берет же макулдук берүүдөн баш тартат;

- статс-катчыны кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;

- статс-катчыны аттестациялоонун натыйжаларын карайт жана бекитет;

- кызматтык териштирүү жүргүзүү жана статс-катчыны тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелерин карайт;

- өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн керек болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана кызмат адамдарынан сурап алат;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин отчетторун, баяндамаларын жана башка маалыматтарын угат;

- мамлекеттик кызматчыларды дайындоо, ордун которуу, ротациялоо жана бошотуу маселелери боюнча статс-катчынын кайрылууларын карайт;

- мамлекеттик кызматты өркүндөтүү маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жана эксперттик корутундуларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана окуу мекемелеринин, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди, адистерди жана окумуштууларды тартуу менен жумушчу топторду, комиссияларды түзөт;

- өз компетенциясына ылайык эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;

- Кеңештин мүчөлөрүн анын курамынан чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет.

  1. Кеңеш ошондой эле мыйзамдар тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттерди жана укуктарды ишке ашырат.

 

  1. Кеңештин ишин уюштуруу
  1. Кеңештин мүчөлөрү анын отурумдарына жеке өздөрү катышууга милдеттүү, аларды башка адамдарга алмаштырууга тыюу салынат. Күн тартибин Кеңештин төрагасы аныктайт. Төрага жок болгон учурларда анын милдеттерин төраганын орун басарларынын бири аткарат.

Кеңештин отурумдары зарыл болгон сайын, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана аларга Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда укуктуу болуп таанылат.

Кеңештин кезексиз отурумдары Кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын демилгеси же Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмес мүчөлөрүнүн талаптары боюнча чакырылышы мүмкүн.

  1. Кеңештин отурумдарына мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
  2. Кеңештин отурумдарында каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынып, аларга Кеңештин төрагасы кол коёт.

Кеңештин баардык чечимдери коллегиялуу түрдө жана Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

  1. Кеңештин ишин уюштуруучулук-усулдук жана башка жактан камсыздоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.