Кыргыз Республикасынын Президентинин
2011-жылдын 20-июнундагы
N 146 Жарлыгы менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоонун
КОНЦЕПЦИЯСЫ

Киришүү

Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы, жалпы мамлекеттик маселелерди чечүүдө жарандык коомдун ролунун күч алышы жана мамлекеттин алдында турган заманбап чакырыктарга адекваттуу жооп берүүнүн зарылдыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоонун зарылдыгын алдын-ала аныктап койду.

Модернизациялоо алдыңкы башкаруучу жана маалыматтык технологияларды жайылтуунун, мамлекеттик аппараттын кесипкөйлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуунун, бюрократиялык тоскоолдуктарды четтетүүнүн жана калкка сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн негизинде мамлекеттик кызмат ишинде сапаттык жаңы мамилелерди түзүүнү карайт.

Модернизациялоонун маанилүү түзүүчү бөлүгү өзүнчө мамлекеттик саясий элитаны тейлөөнүн мурдагы практикасынын ордуна, мамлекеттик кызматтын жогорку миссиясынын идеологиясын - Кыргызстандын элине кызмат кылуу идеологиясын калыптандыруу, мамлекеттик органдардагы терс көрүнүштөрдү болтурбоого багытталган адеп-ахлактык стандарттарды белгилөө болуп калууга тийиш.

Мамлекеттик кызматты модернизациялоонун негизинде өлкөдө жарандардын конституциялык укуктарын кыйшаюсуз камсыз кылууга багытталган мамлекеттик кызматтын мансаптык-кызматтык аралаш моделин калыптандырууну андан ары өнүктүрүүнүн милдеттерин чечүү алдыда турат.

Мамлекеттик кызматты ушул багытта өнүктүрүү мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүнүн, коомдук-саясий туруктуулукту, социалдык-экономикалык өсүштү, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү шарты болуп саналат.

  1. Мамлекеттик кызматтын көйгөйлөрү, максаттары жана негизги милдеттери

Мамлекеттин функцияларын жаңы экономикалык, саясый жана социалдык шарттарда жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугунун жетишсиздиги мамлекеттик кызматтын негизги проблемасы болуп саналат.

Аталган проблема төмөнкү олуттуу кемчиликтер менен шартталган:

- мамлекеттик органдардын жана алардын аппараттарынын сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө начар багытталган иши;

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик кызматчылардын потенциалын натыйжалуу калыптандыруу, кесиптик өнүктүрүү жана сарамжал пайдалануу боюнча илимий негизделген, максатка багыттуу мамлекеттик кадр саясатынын жоктугу;

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана укукту колдонуу практикасынын өркүндөтүлбөгөндүгү;

- мамлекеттик органдарда коррупциянын, протекционизмдин, региончулдуктун жана башка терс көрүнүштөрдүн жогорку деңгээлинин сакталышы;

- мамлекеттик кызматчылардын эмгек акы жана социалдык кепилдиктер системасынын заманбап шарттарга ылайык келбеши;

- мамлекеттик кызматчылардын компетенттүүлүгүнүн, кесипкөйлүгүнүн жана илимий-техникалык прогресстин заманбап жетишкендиктерин өздөштүрүшүнүн деңгээлинин төмөндүгү;

- жогорку окуу жайларында кадрларды даярдоонун сапатынын төмөндүгү, мамлекеттик кызматты квалификациялуу адистер менен толуктап турууга көмөк көрсөтпөйт, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды окутуунун деңгээли мамлекеттик кызматтын жетилген керектөөлөрүнө жооп бербейт.

Модернизациялоонун стратегиялык максаты - коомдун таламында мамлекетти чыңдоодо жана өнүктүрүүдө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кыла турган кесиптик-мамлекеттик кызматты түзүү болуп саналат.

Аталган максатка жетишүү үчүн төмөндөгү милдеттерди чечүү зарыл:

- мамлекеттик кызматты жөнгө салуунун ченемдик-укуктук негизин өркүндөтүү, аны Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына, түзүлгөн коомдук саясий жана социалдык-экономикалык айкындыктарга ылайык келтирүү;

- мамлекеттик кызматчылардын заманбап керектөөлөргө жооп берген жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган эмгек акысынын жана социалдык кепилдиктеринин адекваттуу системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу;

- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ыйгарым укуктарын аларга мамлекеттик органдардын аппаратынын туруктуу иштешин, мамлекеттик кызматчылардын кесиптик өсүшүн, аларды саясий жана башка укукка жат кысым көрсөтүүдөн коргоону толук даражада камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бергендей мыйзамдык жөнгө салуу;

- мамлекеттик органдардын кадрлык бөлүмдөрүнүн ишин адам ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү жаңы ыкмаларды жана технологияларды өздөштүрүүгө жана жайылтууга кайра багыттоо;

- мамлекеттик кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү системасын (кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, стажировка) түп тамырынан кайра түзүү, аны мамлекеттик кызматтын керектөөлөрүнө ылайык келтирүү;

- мамлекеттик органдардын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракетинин кошумча механизмдерин иштеп чыгуу жана мыйзам ченемдүү бекемдөө зарыл.

  1. Мамлекеттик кызматты куруунун, иш жүргүзүшүнүн жана өтөөнүн принциптери

Укуктук, уюштуруучулук жана социалдык институт катары мамлекеттик кызматты түзүү, натыйжалуу иштетүү жана кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын мыйзамдар тарабынан белгиленген принциптерин андан ары өнүктүрүүнү, кошумча төмөнкү принциптерди киргизүүнү талап кылат, алар:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өз ара аракеттенүүсү;

- мамлекеттик кызматчынын кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү;

- мамлекеттик кызматчылардын ишин регламенттөөнү;

- мамлекеттик кызматчынын кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилиги;

- мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү; аларды иши жана каражаттарды чыгымдоо маселелери боюнча маалыматтык ачыктыгы.

- мамлекеттик кызматчылардын квалификациялык талаптарга, кесиптик даярдыгына, жөндөмдүүлүгүнө жана кызматтык ишинин натыйжалуулугун эске алуу менен кызматтык көтөрүлүүсү;

- мамлекеттик кызматчынын сиңирген кызматтык эмгегинин негизинде ишин баалоо.

  1. Мамлекеттик кызматты жөнгө салуунун ченемдик-укуктук негиздери

Мамлекеттик кызматты ченемдик-укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик кызматтын ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү, аны Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун жана жарандык коомду өнүктүрүүнүн заманбап милдеттерине, жаңы коомдук-саясый шарттарга адаптациялоо модернизациялоонун маанилүү багыты болуп калууга тийиш.

Кесипкөйлүктүн принцибин, жарандардын мамлекеттик кызматка жана аны өтөөгө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик кызмат жөнүндө жаңы мыйзамда ченемди карап чыгуу керек, ага ылайык патронаттык кызматтарды (саясий кызмат адамдарынын кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары) ээлеп турган адамдар, ошондой эле өз ыйгарым укуктарын токтоткон саясий мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик кызматтагы администрациялык кызмат ордуна өтүүдө, конкурстук тандап алуудан өткөрүү милдеттүү шарт болуп калат.

Мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган заманбап пландаштырылган кадрдык, маалыматтык жана башкаруу технологияларын киргизүү үчүн укуктук жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүү алдыда турат.

Ар кандай деңгээлдеги ченемдик-укуктук актылардын ортосунда орун алган карама-каршылыктарды четтетүү максатында келечекте мыйзамдарды кодификациялоо жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө артыкчылыктуу юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик-укук актысын кабыл алуу зарыл.

  1. Мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу

Мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана жайылтуу зарыл:

- мамлекеттик органдардын ишин стратегиялык пландаштырууну, мамлекеттик органдар тарабынан максаттарга жана милдеттерге жетишүүнүн натыйжалуулугунун мониторингин жана баа берүүнү, мамлекеттик кызматчылардын кесиптик ишине үзгүлтүксүз жекече баа берүүнү камтып турган башкаруунун заманбап технологияларын;

- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн, анын ичинде "бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызмат көрсөтүүнүн автоматташтырылган жол-жоболорун, ошондой эле өз ара байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн көп функциялуу ведомстволор аралык борборлорду түзүүнү ж.б.;

- инновациялык маалыматтык системаларды жана адам ресурстарын башкаруунун технологияларын;

- конкреттүү мамлекеттик кызматчынын милдеттерин аткаруунун тартибин, функцияларды аткаруу үчүн анын жоопкерчилигин, кызматтардын сапатын, алдыга коюлган милдеттерге жетишүүнүн тартибин белгилеген кызматтык регламенттерди;

- мамлекеттик органдардын кадрдык бөлүмдөрүнүн ишинин жаңы формаларын, алардын ишинин негизги багыттарынын бири адам ресурстарын өнүктүрүү жана башкаруу боюнча мамлекеттик органдын стратегиясын ишке ашыруу болуп калууга тийиш;

- мамлекеттик-жеке менчик өнөктүктүн принциптерин өнүктүрүү, анын ичинде мамлекеттик белгилүү бир функцияларды тышкы атайын мекемелерге өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү (аутсорсинг) аркылуу мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруунун прогрессивдүү механизмдерин;

- электрондук жана басылма жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик органдарда кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматты жарыялоо аркылуу, анын ичинде дайындалган жана бошотулган мамлекеттик кызматчылар жөнүндө маалымдамаларды жарыялоо аркылуу коомчулуктун маалыматка жеткиликтүүлүк механизмдерин;

- мамлекеттик органдардын натыйжалуулугу жөнүндө коомдук пикирге мониторинг жана талдоо жүргүзүү, анын ичинде жетекчилердин ар жылкы калк алдындагы отчетторун талкуулоонун негизинде, мамлекеттик органдардын максаттарын жана милдеттерин жана жетишилген натыйжаларды ар тараптуу чагылдыруу менен коомдук пикирге мониторинг жана талдоо жүргүзүү системасын.

Көрсөтүлгөн чаралар мамлекеттик кызматтын чечилбеген көйгөйлөрүнүн мүчүлүштүктөрүн четтетиши, мамлекетти коом менен бекем байланыштырган жакшы уюшулган заманбап мамлекеттик-укуктук институтту түзүшү керек.

Мамлекеттик кызматчылардын натыйжалуу ишине түрткү берүүнүн жана квалификациялуу адистердин мамлекеттик кызматтан кетип калышын төмөндөтүүнүн базалык шаймандарынын бири алардын эмгегин татыктуу төлөө болушу керек.

Ушул максаттарда мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана статс-катчыларына эмгек акы фондусун өз алдынча бөлүштүрүүгө, мамлекеттик органдын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштырууга, бир эле мезгилде өзү жетекчилик кылган ведомстводогу иштин натыйжалары үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу менен, аларга мүмкүнчүлүк берген ыйгарым укуктарды мыйзамдык бекемдөө мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.

Келечектүү мамлекеттик кызматчыларга дем берүүнүн кошумча инновациялык механизми - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматчыларына колдоо көрсөтүү фондусунун (мындан ары - Фонд) иши болуп саналат, ал аларды окутууну, тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин модернизациялоонун долбоорлорун иштеп чыгууну жана кийин аларды ишке ашырууга катышуусун финансылайт.

Келечектүү мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысына Фонддун каражаттарынан кошумча төлөө практикасы мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжаларына жараша адекваттуу эмгек акынын прогрессивдүү системасы менен алмаштырылууга тийиш.

Өлкөдө мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөөнүн маанилүү шарты жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында катарлаш реформа жүргүзүү болуп эсептелет, анын негизги максаты мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун абалынын ортосундагы ажырымдан арылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат менен өз ара аракеттенүү боюнча ишинин натыйжалуулугун түп-тамырынан жогорулатуу болуп саналат.

  1. Мамлекеттик кызматта коррупцияга каршы механизмдерди киргизүү

Мамлекеттик кызматты модернизациялоонун жолундагы негизги тоскоолдук анда коррупциялык жана башка терс көрүнүштөрдүн болушу болуп калууда, алардан арылуу үчүн:

- мамлекеттик кызматчыларды конкурстук тандап алуунун азыр колдонулуп жаткан системасында ачыктыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү;

- мамлекеттик кызматка өтүп жаткан жарандардын, ошондой эле иштеп жаткан мамлекеттик кызматчылардын кесиптик жана жеке сапаттарын изилдөөнүн кошумча ыкмаларын, анын ичинде коррупциялык жана башка укук бузууларды болтурбай коюуга жана аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган психометрикалык тестирлөөнүн, полиграфта изилдөөнүн ж.б. кошумча ыкмаларын мыйзам ченемдүү бекемдөө;

- мамлекеттик кызматчылар тарабынан декларацияларды берүүнүн электрондук форматын, алардын аныктыгын текшерүүнүн механизмдерин, аталган чөйрөдө мыйзамдар тарабынан белгиленген укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти жогорулатуучу укуктук ченемдерди киргизүү;

- коррупциялык кылмыштары үчүн мамлекеттик кызматтан бошотулган мамлекеттик кызматчыларга мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салууну караган мыйзамдык ченемди киргизүү;

- мамлекеттик органдардын алдында Коомдук байкоо кеңештеринин иши үчүн зарыл шарттарды түзүү, алардын ишин коррупциялык мүнөзгө ээ болгон, жарандардын укуктарын бузган же жашоо-турмушунун шарттарын начарлаткан чечимдерди кабыл алууну болтурбай коюуга багыттоо;

- мамлекеттик органдардын финансылык ресурстарды пайдалануу жөнүндө ачык-айкын отчеттуулук механизмдерин киргизүү;

- мамлекеттик органдарда алдын-алуучулук жана тарбиялык мүнөздөгү программаларды, анын ичинде мамлекеттик кызматты өтөөнүн коррупцияга каршы, укуктук жана моралдык-этикалык аспекттерин иштеп чыгуу жана жайылтуу;

- кызматтык милдеттерин аткарууда алар жетекчиликке ала турган ченемдерди белгилеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын этика Кодексин иштеп чыгуу.

  1. Мамлекеттик кызматтын кадрдык потенциалын калыптандыруу

Мамлекеттик кызматты ийгиликтүү модернизациялоонун башкы шарттарынын бири квалификациялуу башкаруучулардын жаңы муунун калыптандыруу болуп саналат.

Ушул максаттарда төмөнкү механизмдерди иштеп чыгуу жана мыйзамдык жактан жөнгө салуу зарыл:

- кесипкөй жана ак ниет мамлекеттик кызматчынын кызматтык туруктуулугун жана мансаптык өсүшүнүн мүмкүнчүлүгүнүн кепилдеген;

- мамлекеттик кызматка талапкерлерди конкурстук тандап алуунун ачык жана объективдүү иштеген, зарыл болгон интеллектуалдык, иштиктүү жана кесиптик сапаттарга ээ болгон, мамлекетке жана коомго ак ниет жана натыйжалуу кызмат кылууга багыт алган адистерди тартууга мүмкүнчүлүк берген системаны;

- кесиптик ишинин натыйжалары үчүн бир нече жолу төмөнкү баа алган мамлекеттик кызматчыны кызматынан төмөндөтүү же кызматынан бошотуу;

- окуусун аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө 3-5 жыл бою милдеттүү иштеп берүү шарты менен, адистерди чет өлкөдө окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;

Көпчүлүк мамлекеттик кызматчылар үчүн мамлекеттик кызматка өтүүнүн маанилүү түрткү берүүчү жүйөөсү кызматы боюнча жогорулоонун, өзүн-өзү көрсөтүүнүн жана социалдык таануунун келечеги болуп саналат. Ушуга негизденүү менен кынтыксыз кызматы үчүн мамлекеттик кызматчыларды ырааттуу, адекваттуу кубаттоонун жана сыйлоонун системасын түзүү зарыл.

Мамлекеттик кызматты өтөөнүн жана мамлекеттик кызмат боюнча жогорулоонун процесси план-ченемдүү, социалдык жагынан адилеттүү жана ачык мүнөздө болууга, кесиптик жетишкендиктерге жана мамлекеттик кызматчынын сиңирген эмгегине негизделүүгө тийиш.

Мамлекеттик кызматчыларды кызматы боюнча жогорулоонун, дараметин күчөтүүнүн, мамлекеттик кызматтын үзгүлтүксүздүгүн жана жолун-жолдоочулугун камсыз кылуучу аракеттүү механизми болуп кадрлардын ички жана Улуттук резервинен түзүүгө жана пайдаланууга мамилелерди өркүндөтүү саналат, аны квалификациялуу жана таланттуу адистердин ичинен толтуруу зарыл.

Эң мыкты кесиптик жана лидерлик сапаттарды, эмгектеги жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн жана оң коомдук баа алган Кадрлардын Улуттук резервинде турган мамлекеттик кызматчылар саясый кызмат орундарына көрсөтүү үчүн сунушталышы мүмкүн.

  1. Мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын институтун өнүктүрүү

Мамлекеттик кызматтын туруктуулугунун кепилдиги катары статс-катчылардын институтун көп партиялуулук жана мүмкүн болуучу саясий туруксуздук шартында өнүктүрүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болот.

Мамлекеттик органдардын статс-катчыларын тандап алуунун, өнүктүрүүнүн жана жылдыруунун системасында алар менен иш алып баруу мамилелериндеги маанилүү өзгөрүүлөр эске алынууга тийиш, мында негизги көңүлдү төмөнкүлөргө буруу керек:

- аталган кызмат орундарына талапкерлерде кесиптик тар билимдерден тышкары зарыл болгон башкаруучулук көндүмдөрдүн жана компетенциянын болушуна;

- алардын психометрикалык тестирлөөдөн жана полиграфта изилдөөдөн өтүшүнүн натыйжаларына;

- алардын мурдагы кесиптик ишине баа берүүгө;

- талапкерлердин бедели жөнүндө коомдук пикирди эске алууга;

- алардын мансаптык жана кесиптик өнүгүшүн башкарууга;

- алар тарабынан жүрүш-туруштун моралдык-этикалык ченемдеринин жана коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталышына.

Мамлекеттик кызматчылардын штаттык санынын ченемин мыйзам ченемдүү түрдө бекемдөө зарыл, мында мамлекеттик органдарда статс-катчынын кызматы түзүлөт, мамлекеттик органдардын жетекчи кызматтарынын иерархиясында статс-катчылардын укуктук абалы жөнгө салынып, алардын укуктары, ыйгарым укуктары жана кепилдикти белгилөөчү ченемдери, аларды алмаштыруунун мезгилдүүлүгү, ошондой эле кадр маселелерин чечүүдөгү башкы ролу жөнгө салынат.

Статс-катчылар мамлекеттик органдын администрациялык-уюштуруучулук ишмердүүлүгүнө, мында иштин төмөндөгү багыттарына күч аракеттерин топтоо менен өз катышуусун кеңейтүүгө тийиш:

- мамлекеттик органдын ишин жана менеджментти стратегиялык пландаштырууну киргизүүгө жана алга жылдырууга;

- калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын стандарттарын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле алардын сапаты үчүн кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга;

- прогрессивдүү технологияларды, анын ичинде электрондук документтерди жүгүртүүгө, адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын ж.б. жайылтууга;

- мамлекеттик кызматчылардын ишинин сапатына мониторинг жана баа берүү жүргүзүү системасын иштеп чыгууга жана жайылтууга;

- мамлекеттик аппараттын туруктуулугун камсыз кылууга, мамлекеттик кызматчыларды саясий жана башка укукка жат кысым көрсөтүүдөн коргоого;

- мамлекеттик кызматчылардын кесиптик өнүгүшүнүн процессин камсыз кылууга, мамлекеттик аппараттын заманбап талаптарга жооп берген интеллектуалдык өзөгүн түзүүгө;

- мамлекеттик органдагы коррупциялык укук бузууларды болтурбай коюу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө.

  1. Мамлекеттик кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү

Мамлекеттик кызматчылардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу, алдыга коюлган милдеттерди сапаттуу чечүүнү камсыз кыла турган практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында алардын кесипкөйлүгүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу жана туруктуу системасын калыптандыруу зарыл.

Кесиптик даярдоонун заманбап системасы:

- мамлекеттик кызматчыларды туруктуу, максаттуу даярдоону, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштурууну;

- мамлекеттик кызматчыларды кесиптик даярдоонун уюштуруу-укуктук формаларын, кесиптик окутуунун тартибин, мезгилдүүлүгүн, мөөнөттөрүн, шарттарын жөнгө салуучу башка ченемдик-укуктук актыларын, мамлекеттик кызматчыларды окутуунун стратегиясын иштеп чыгууну жана кабыл алууну;

- мамлекеттик органдардын келечектүү максаттарына жана милдеттерине негизденүү менен мамлекеттик кызматчыларга кошумча кесиптик билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана пландарын аныктоону;

- адам ресурстарын башкаруунун иштелип жаткан маалыматтык системасына интеграцияланган мамлекеттик кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү боюнча маалыматтардын жалпы базасын түзүүнү;

- мамлекеттик кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик буйрутманы калыптандырууну;

- билим берүү программаларын конкурстук тандап алууну;

- алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, анын ичинде дистанциялык окутуу технологияларын, окуу сабактарын тармактык режимде өткөрүүнү пайдалануу менен билим берүүнүн инновациялык моделдерин жана окуу процессинин жаңы формаларын жайылтууну, ж.б.;

- мамлекеттик кызматчыларды алыстан корпорациялык окутуу жана өз алдынча даярдоо үчүн "Мамлекеттик кызматчылардын электрондук университети" аттуу жогорку окуу жайлар аралык корпорациялык системаны түзүүнү;

- мамлекеттик кызматчыларды окутуунун сапатына баа берүүнү жана башкарууну билдирип турат.

Мамлекеттик кызматчыларды кесипкөйлүгүн камсыз кылуу таламында мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын (мындан ары - Башкаруу академиясы) жана билим берүү кызматтарын көрсөтүп жаткан башка окуу жайларынын жана уюмдарынын тыгыз өз ара байланышы зарыл.

Башкаруу академиясы мамлекеттик кызматчыларды кесиптик окутуу боюнча жетектөөчү окуу жайы гана болбостон, ошондой эле мамлекеттик кызматтын артыкчылыктуу суроо-талаптарын камсыз кылуу маселелери боюнча илимий, усулдук борбору болуп саналат.

Мында Башкаруу академиясы мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан мамлекеттик органдар менен биргелешип аныкталган программалар боюнча иштеп жаткан мамлекеттик кызматчыларды кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун негизги базасы болуп калат.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу программалары боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатына контролдукту камсыз кылуу максатында Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын (МАК) ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтар базасына киргизилген көз карандысыз эксперттерди тартуу зарыл.

Мамлекеттик кызматчыларды кесипти даярдоо системасын өркүндөтүү боюнча артыкчылыктардын бири мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө адистешкен алдыңкы чет өлкөлүк билим берүүчү жана илимий-усулдук борборлор менен кызматташтыкты өнүктүрүү болуп калууга тийиш.

Мамлекеттик органдын ар бир кызматкеринин мансабынын бүткүл мезгилинин ичинде квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу анын кызмат өтөшүнүн юридикалык милдеттүү бөлүгү болуп калууга, анын ишине баа берүүдө жана дем берүүдө эске алынууга тийиш.

  1. Мамлекеттик кызматты башкаруу системасы

Мамлекеттик кызматтын башкаруу системасына мамлекеттик кызмат боюнча Кеңеш, мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, мамлекеттик органдардын статс-катчылары, мамлекеттик органдардын аракеттеринин шайкештигин жана координациялоону, мамлекеттик кызматтагы уюштуруу-кадрдык процесстерди тартипке салууну жана бир түрдө жүргүзүүнү камсыз кылуучу персонал менен иштөө боюнча бөлүмдөр таандык.

Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш статс-катчылардын институту менен тыгыз өз ара аракеттенип, мамлекеттик органдар тарабынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты, мамлекеттик кызматты модернизациялоонун программаларын ишке ашырууга контролдук жүргүзүү боюнча ырааттуу иш жүргүзүүгө тийиш.

Кеңештин ишине саясий кийлигишүүнү болтурбай коюу, ошондой эле анын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында ага жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүү, Кеңештин мүчөлөрүнүн анын курамында болушунун мөөнөтүн узартуу зарыл.

Мамлекеттик органдардын ишин координациялоону, мамлекеттик кызматты өнүктүрүү боюнча ырааттуу чараларды иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү өркүндөтүүгө багытталган мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча андан ары иш жүргүзүү зарыл.

Мамлекеттик кызмат боюнча ыйгарым укуктуу орган саясий кызмат орундарына талапкерлердин ичинен кадрлардын резервин түзүү боюнча иш жүргүзүүгө, социалдык тармактар аркылуу алардын иштиктүү жана жеке сапаттарын жарандык коомчулук менен талкуулоого берүүгө, жооптуу кызматтарга көрсөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда коомдук пикирдин натыйжаларын эске алууга тийиш.

Мамлекеттик кызматты башкаруунун механизмдерин күчөтүүнүн таламдарында ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аныкталган бузуулары үчүн чараларды көрүү боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтүү максатка ылайыктуу болот.

Статс-катчылардын жетектөөсүндө турган персонал менен иш алып баруу боюнча бөлүм кадрдык иш кагаздарын жүргүзүүнүн тар багыттагы практикасынан, мамлекеттик органдагы адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча заманбап милдеттерди чечүүгө өтүүгө тийиш.

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоонун Концепциясын ишке ашыруу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоонун Концепциясында белгиленген көйгөйлөрдү чечүү, алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн максаттуу индикаторлорду жана көрсөткүчтөрдү, күтүлгөн натыйжаларды, финансылоонун көлөмдөрүн жана булактарын, кыска мөөнөткө жана 2015-жылга чейинки орточо мөөнөттүү мезгилге эсептелген аракеттерди аткаруучулардын жана аны ишке ашырууга жооптуулардын аракеттерин камтыган Концепцияны ишке ашыруунун Программасын иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл.

Реформаны ишке ашыруунун жүрүшүнө көз салуу үчүн жарандык коомдун катышуусу менен мониторинг жана баа берүү жүргүзүүнүн механизмин иштеп чыгуу зарыл, ал көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого, аларды чечүүнүн жолдорун жана белгиленген чараларды аткаруунун натыйжалары үчүн жооптуу адамдарды аныктоого тийиш. Мониторингдин натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз чагылдырылып турмакчы.