Матраимов Искендер Исмаилович

Туулган жылы:                        1962-жылдын 9-октябры

Туулган жери:                         Ош областынын Кара-Суу району Агартуу айылы

Улуту:                                      кыргыз

Байланыш маалыматтары:                  

Билими:

1990-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институту, Зооинженер адиси

1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция багыты боюнча экинчи жогорку билимин алган

Эмгек ишмердүүлүгү:

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

2006 - 2015 жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

2003 - 2006 жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы;

1991-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин ар кандай кызматтарында иштеген: 1991-жылы Ош аймактык фондунда башкы адис, 1992-жылы бөлүм башчы, 1995-1999-жылдары Кайра түзүү жана ликвидация башкармалыгынын жетекчиси, 1999-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош-Жалал-Абад-Баткен аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары жана башчысы кызмат орундарын ээлеген;

Эмгек жолун 1982-жылы Кара-Суу районунун Калинин атындагы колхозунун зоотехниги болуп баштаган. 1983-86-жылдарда Кара-Суу агроөнөржай биримдигинде зоотехник болуп иштеген.  Ушул эле жылы Кара-Суу районунун “Коммунизм” колхозунда зоотехник – селекционер катары кызмат кылган. 1986-жылдын декабрь айынан 1989 жылга чейин Кара-Суу району боюнча райондук комсомол уюмунун уюштуруу бөлүмүндө инструктор болгон. 1989-1991-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын Ош облустук комитетинде уюштуруу бөлүмүндө инструктор, сектор башчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген.

Кошумча маалымат

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызматтын мыктысы” төш белгисинин ээси