Тарыхый маалымат
Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органды түзүү Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматтын калыптандышы менен түздөн-түз байланыштуу.
Биздин өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишкенден кийин, тийиштүү түрдө мамлекеттик кызматтын советтик моделин кайрадан уюштуруу, анын уюштуруучулук-укуктук базасын жана иш тажрыйбасын реформалоо зарылдыгы пайда болгон. Буга байланыштуу 1996-жылы - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматтын негиздери жөнүндө убактылуу жобо, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынган.
Мамлекеттик кызматты уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Президент Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын карамагында болгон, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине жүктөлгөн.
Бирок, чечүчүү роль эң жогору турган жетекчилерге гана таандык болгон, ошондуктан мамлекеттик кызматты уюштуруунун жана кадрларды тандоонун бирдиктүү тутумунун жоктугу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизген.
Жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын жигердүү катышуусунун натыйжасында 2004-жылы өлкөдөгү кесиптик мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө багытталган «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ««Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу» мыйзамы кабыл алынган.
Аталган мыйзамдарды кабыл алынышы менен 2004-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги түзүлгөн.
Аталган органды түзүүнүн максаты – мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарды ишке ашыруу, тактап айтканда, кесиптик мамлекеттик кызматтын жолун жолдоочулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматка квалификациялуу кадрларды тартуу, мамлекеттик кызматчылар тарабынан өз милдеттерин натыйжалуу жана ак ниети менен аткарууга түрткү берүү, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик кызматты башкаруу боюнча институционалдык иш-чараларды күчөтүү болуп саналат.
Агенттикке тийиштүү ченемдик укуктук актыларды жана мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу, жумушка кирүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылган конкурстук тандоо системасын ишке киргизүү, кадрлардын улуттук резервин түзүү, мамлекеттик кызматчыларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелерин жөнгө салуу боюнча милдеттер жүктөлгөн.
2009-жылы Агенттик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы деп түзүлгөн. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына муниципалдык кызматтын мыйзам базасын өнүктүрүү боюнча милдеттер жүктөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы иштеп жаткан убакыттын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө олуттуу реформалар жүргүзүлүп, төмөнкү чаралар жүзөгө ашырылды:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматка конкурстук тандоо системасы;
- мамлекеттик кызматтын туруктуулугун жана жолун жолдоочулугун камсыз кылуу инструменти катары статс-катчылар институту ишке киргизилди;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин декларациялоо системасы;
- мамлекеттик программанын жана мамлекеттик заказдын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун үзгүлтүксүз системасы;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо системасы;
- муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн жаңы системасы;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча эл аралык жана донордук уюмдар менен кызматташуу боюнча байланыштар орнотулду.
Акыркы 3 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүүгө жана реформалоого багытталган 50дөн ашык ченемдик укуктук акт иштелип чыкты. Алар Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү жарлыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен бекитилди.
Учурдагы талаптарга жараша жаңы ченемдер киргизилип, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыкты. Бул мыйзамдолбоор азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи окуудагы кароосунда турат.
Окутуу жана тышкы байланыштар бөлүмү
Конкурстук документтер
ММК окутуу графиги:
Бишкек шаары жана Чуй облусу
Ош облусу
Талас облусу
Джалал-Абад облусу
Баткен облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
ММК окутуудагы талаптарды толтуруу
KOICA 2019
Информацию о стипендиальной программе, университетах, формы заявок можно скачать по ссылке: https://cloud.mail.ru/public/55SP/MAYe1A8iy
1. Требования к кандидатам:
2. Для участия в конкурсном отборе для обучения в Республике Корея требуется:
Последний срок подачи документов: 4 марта 2019 года (ГКС, пр. Чуй, 122, каб. 304).
Документы, представленные не полностью или не отвечающие квалификационным требованиям, рассматриваться не будут.
3. Предусмотрена организация информационного семинара для заинтересованных лиц, который состоится 8 февраля 2019 года (пятница) в Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республике по адресу: г. Бишкек, ул. Панфилова, 237/ Фрунзе (ауд. 400). Начало: 15 ч. 00 мин. Регистрация по ссылке: goo.gl/WRSDK7
В случае возникновения дополнительных вопросов, пожалуйста, обращайтесь по тел.: 620431 (Кыдыралиева Мээрим).
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин Японияда окутуу
JICA курсу боюнча Японияда окутуу боюнча кеңештер
Информация о проводимой работе в организации
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери! Бул өтүнмөлөрдү толтурардан мурда квалификацияны жогорулатуу боюнча курстар (Knowledge Co-Creation Program) тууралуу маалыматтарды окууну сунуштайбыз.
Японияда окуу үчүн сынактык тандоодо
өтүнмөнү англис тилинде толтуруу (Application Form);
уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматты орус тилинде толтуруу;
ошондой эле түздөн-түз көзөмөлдөгөн жетекчинин сунуштоо катын орус тилинде тапшыруу
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү : 2017-жыл 15- июнь
Толук эмес жана квалификациялык талаптарга туура келбеген документтер каралбайт.
JDS долбоору аркылуу
Стипендиаты
Список тем диссертационных исследований стипендиатов проекта JDS
Форма отчетности
Анкета-опросник для руководителей стипендиатов
Анкета о целевой организации
Опросник для руководителей стипендиатов проекта JDS
2015 Young Leaders Program
Healthcare administration
Healthcare administration (Outline)
Application form
Certificate of health
Recommendation form
School of Government
School of Government (Outline)
Application form
Certificate of health
Recommendation form
Дистанттык окутуу проектилери Электрондук башкаруу борбору менен биргеликте иштелип чыгууда
Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2010-жылдын 27-июнунда Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды
Статистикалык маалыматтар