Жаш илимпоздордун ЖОЖдор аралык III илимий-практикалык конференциясы болду

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында жаш илимпоздордун  ЖОЖдор аралык III илимий-практикалык конференциясы өттү. Ал “Кыргыз Республикасындагы  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги 2017”,  деген темада  болуп,  жыйынтыгында  байгелүү, ошондой эле кызыктыруучу орундардын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ага 70ке  жакын адам катышты жана алардын баяндамаларын  сынактык комиссия тандап алган.

Бул иш-чара КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Өнүгүү саясаты институту, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен болгон тыгыз кызматташуусунун натыйжасында үчүнчү ирет өтүп жатат.    

Ал Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташуу башкармалыгы  каржылаган  “Жарандар үнү  жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отчеттуулугу: бюджеттик  процесс” долбоорунун колдоосу менен өттү. 2015-2016-жылдары жогоруда аталган темада 2 конференция болгон.

Конференцияга региондук ЖОЖдорду кошкондо 16 ЖОЖдон 110 студент баяндамаларын берерин маалымдашкан. Бирок, иш жүзүндө сынакка 37 баяндама келип түшкөн.

Бул иш-чаранын соңунда “Латвиянын өз алдынча башкаруу системасы” деген темада  Латвиянын Өз алдынча башкаруу Ассоциациясынын төрагасы Андрис Яунслейнис баяндама жасады.

Конференциянын уюштуруучулары катышуучуларга ыраазычылык билдирип,  ийгиликтерди каалады.