“ Кыргыз Республикасында коррупцияны алдын алуу жана каршы туруу боюнча чараларды күчөтүү” долбоорунун алкагында координациялык кеңешме болуп өттү

2017-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында Европа Кеңешинин жана Европа шериктештигинин “ Кыргыз Республикасында коррупцияны алдын алуу жана каршы туруу боюнча чараларды күчөтүү” долбоорунун алкагында координациялык кеңешме болуп өттү.

Бул иш-чарага Европа Кеңешинин, Европа шериктештигинин, Коопсуздук Кеңешинин Секретариатынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын,  Жогорку Кеңештин, Юстиция министрлигинин жана Мамлекеттик кадр кызматынын  өкүлдөрү катышышты.

Алар “ Кыргыз Республикасында коррупцияны алдын алуу жана  каршы туруу боюнча чараларды күчөтүү” долбоорунун учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле анда Кыргыз Республикасында коррупцияны алдын алуу жана  каршы туруу боюнча иш-чараларды оптималдаштыруу жана жакшыртуу маселелери  каралды.