Түштүк Кореянын ЖОЖдорунда билимдерин жогорулатууга 11 мамлекеттик кызматкер кетип жатат

Билимдерин жогорулатууга умтулган жана тажрыйба алмашууга кызыкдар болгон кадрларга мындай мүмкүнчүлүктү KOICA эл аралык  кызматташтык агенттигинин “KOICA 2017” магистрдик программасы берип жатат. Ал эми кадрлардын билимин жогорулатуу программалары КРнын Мамлекеттик кадр кызматы  аркылуу ишке ашууда. Алсак, бүгүн КРнын Мамлекеттик кадр кызматында Корея мамлекетинин алдыңкы ЖОЖдорунда ар кандай тармак боюнча магистрдик программага  сынак аркылуу тандалган 11 мамлекеттик кызматкер менен жолугушуу болуп өттү.

Алар жолугушууда Кореяга окууга кандай максат менен аттанып жаткандарын жана кайтып келгенден кийин билимдери менен тажрыйбаларын каяка жумшашарын кыскача айтып беришти.

Кадрлардын билимин жогорулатуу багытында КРнын Мамлекеттик кадр кызматы Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттиги менен 2 жылдан бери активдүү кызматташып келет. KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин  Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Пак Сунджин айым өз сөзүндө кадрларды окутууда КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын көрсөткөн колдоосун өзгөчө белгилеп, Кореяга билимдерин жогорулатууга жөнөп жатышкан мамлекеттик кызматкерлерге ийгиликтерди каалады.

Маалымат үчүн: KOICAнын мындай стипендиялык программалары  «CIAT» стипендиялык программасынын  алкагында  өнөктөш мамлекеттерде адам ресурстарын өнүктүрүүнү колдоо максатында ишке ашырылып келет. Бул долбоор КРнын Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте  2016-жылдан бери иштеп жатат. Учурда анын 2-группасы түзүлдү. 2016-жылы 11 адамдан турган  1-группасы жөнөтүлгөн.