Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиевдин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу

Урматтуу  кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн  куттуктайм!

Бул майрам өлкөбүздүн бүгүнкү күнү менен келечеги үчүн улуттук биримдиктин, жоопкерчилик менен эркиндиктин символу болуп саналат. Эгемендүүлүк күнү ар бирибизге  Кыргыз Республикасынын мамлекет катары бекемделүүсүнө  байланышкан жаңы үмүттөрдү берет.

Эгемендүүлүк - бул өз тагдырыбызды өзүбүз аныктаганга мүмкүнчүлүк берген  баалуулуктардын башаты  десек болот.

Көз карандысыздык биздин жакшы жашоого жана мамлекеттик бийик максаттарга умтулуубузду талап кылат. Биз ынтымак-ырашкерликте гана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүп, саясый туруктуулукту сактап, социалдык жетишкендиктерди камсыз кылабыз.

Мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү  чоң жоопкерчилик  мамлекеттик жана  муниципалдык кызматкерлерге жүктөлгөн. Мамлекеттин күчү – өлкөнү заманбап, коопсуз  кылып өнүктүрүүнү каалаган жөндөмдүү кызматкерлерде.

Маанилүү мамлекеттик долбоорлор менен келечектүү программалардын ийгиликтүү ишке ашуусу мамлекеттик кызматкерлердин натыйжалуу ишине, алардын тажрыйбасына ошондой эле кесиптик жана адамдык сапаттарына көз каранды.

Мына ушул салтанаттуу күнү бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге  чын ден соолук, бакубат жашоо  жана калкка кызмат кылган ардактуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм! Өлкөбүзгө биримдикти, стабилдүүлүктү жана өсүп-өнүгүүнү каалайм.

Эгемендүүлук күнүңүздөр менен!

                 Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик кадр кызматанын

директору                                                                                                                     Н.С. Момуналиев