Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн,  12-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык А. Мадумаров Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды.

Бүгүн, 2017-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси А. Усенов  жаңы дайындалган директор А. Мадумаровду  Мамлекеттик кадр кызматынын эмгек жамааты менен тааныштырды.