КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров КЭРдин Кыргызстандагы элчисинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Сунь Хэ мырза менен жолугушту.

Сунь Хэ мырза Акрам Мадумаровду жаңы кызмат орду менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал кадр кызматы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча активдүү кызматташып келгенине токтолду.

“Биз мамлекеттик кызматкерлерди билимин жогорулатууга Кытайга жиберип турабыз. Жакында Кытайга барып келген мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушуп, бул семинарлардын натыйжасын билүү үчүн  баарлашуу форматында атайын иш-чара уюштуралы деп жатабыз. Анткени, алар бир сураганда жалпысынан баары жакшы деп айтышат, бирок биз бул ишти дагы да жакшыртууну максат кылып жатабыз”,-деди  Сунь Хэ мырза.

А. Мадумаров  “Кытай мамлекети менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүбүз керек. Анткени, сиздерде мамлекеттик башкаруу системасы жакшы нукка коюлган. Сиз жогоруда айтып кеткен сунушту колдойм жана бардык маселелерди биргелешип чечүүгө дайыма эшигим ачык”- деп кошумчалады.

Жолугушуунан аягында тараптар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка байланыштуу бардык маселелер боюнча  кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин айтышты.