КРнын Мамлекеттик кадр кызматында Ханнс Зайдель фондусунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Ханнс Зайдель фондусунун  Борбордук Азиядагы долбоорунун жетекчиси Макс  Майер  менен жолугушту. 

Жолугушууда  А. Мадумаров аталган фонд мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын эффекттивдүүлүгүн арттыруу маселелеринде активдүү кызматташып  жатканын белгиледи. Ошондой эле ал “мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин  билимин  заман талабына ылайык дайыма жогорулатып,  адам ресурстарын өнүктүрүүдө жаңы принциптерди колдонушубуз керек”-деди.

Сөз кезегинде Макс Майер мырза “кадр кызматы менен бир катар манилүү долбоорлорубуз бар. Учурда аларды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Алардын бири Исхак Раззаков атындагы сыйлыкты уюштуруу”-деди. Андан сырткары, магистрдик программага тапшыргандардын арасынан окууга болгон калоосу жогору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди  тест аркылуу тандоону көздөп жатабыз”- деди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү багытында кызматташууну арттырууга кызыкдар экенин  айтышты.