Кадр кызматы муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүздү

2017-жылдын 31-октябрь, 1-2-ноябрь күндөрү КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын мониторинг жүргүзүү жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы С.А. Алымкулова, аталган бөлүмдүн башкы адиси Э.М. Кабаев жана Түштүк аймактык Өкүлчүлүктүн башкы адиси К.Б.Түркбаев тарабынан Ош шаарынын мэриясында жана Ош шаардык Кеңешинде муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүштү. Анда алар келтирилген кемчиликтерди көрсөтүү менен ага карата маалым кат түзүштү.

Андан сырткары 2017-жылдын 2-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары” деген темада семинар  өткөрүлдү.

Ага  КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Мониторинг жүргүзүү жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы С.А. Алымкулова, Түштүк аймактык Өкүлчүлүктүн жетекчиси А.Б. Аккозиев, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин жетекчилиги жана кызматчылары, Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунун  мамлекеттик администрацияларынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарлары, кадр маселелери боюнча жооптуу кызматчылары, Ош шаарынын мамлекеттик органдарынын кадр маселелери боюнча жооптуу кызматчылары жана айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары чакырылып, жалпысынан 50дөй адам катышты.

Түштүк аймактык Өкүлчүлүктүн жетекчиси А.Б. Аккозиев мониторинг мезгилинде кайсы багыттарда көп мыйзам бузуулар кездешкендиги тууралуу, ички резерв жөнүндө, ошондой эле азыркы мезгилде баалоого көп көңүл буруп, жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин айтты.

Андан кийин КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын “Мониторинг жүргүзүү жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө” бөлүмүнүн башчысы С.А. Алымкулова, Өкүлчүлүктүн башкы адиси Г.Т. Ыбышова мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине мониторинг жүргүзүлгөн мезгилде аныкталган мыйзам бузуулар тууралуу мисалдарды слайд менен баяндап берди.

Семинарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга байланыштуу  суроолор  берилип,  көйгөйлүү маселелер талкууланып, аларды чечүү жөнүндө сунуштар айтылды.