КРнын Мамлекеттик кадр кызматында башкаруунун таасирдүүлүгүн арттыруу жөнүндө семинар өттү

Бүгүн, 2017-жылдын 6-декабрында  КРнын Мамлекеттик кадр кызматында “Башкаруу ишмердүүлүгүнүн таасирдүүлүгү” деген  темада  семинар болуп өттү. Аны Кореянын “Койка” эл аралык кызматташтык агенттиги менен маалыматтык-талдоо  иштери жана өнүктүрүү бөлүмү  өткөрдү. Ага  КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Алышбаев жана борбордук аппараттын бардык кызматкерлери катышты.  

“Кореянын бүткүл дүйнөлүк достору” долбоорунун кеңешчиси Мён-ки Ким мырза  “Башкаруу ишмердүүлүгүнүн таасирдүүлүгү деген эмне?, башкаруу ишмердүүлүгү процесси, көрсөткүчтөрү, натыйжалары, ага мониторинг жүргүзүү, кызматтык аттестация, резюме”,- деген мазмуунда электрондук лекциясын сунуштады.