Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын жыйнагы басылып чыкты

КРнын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматты өтөө жана уюштуруу маселелерин жөнгө салган ченемдук укуктук актылардын жыйнагын чыгарды.

Жыйнакта Кыргыз Республикасынын Конституциясынан үзүндүлөр, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүнө тиешелүү кодекстер, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө ”, “Мамлекеттик жана  муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамдарынын толук тексттери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн токтомдору, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңешинин токтому, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын буйругу камтылган.

Жыйнактын баш сөзүндө Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров китеп мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана кызматчыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын маселелерине кызыккан адамдардын кеңири катмарына арналганын белгилеген.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарында кесиптик кызматты реформалоонун башында турган жана ушул жыйнакта жарыяланган принципиалдуу жаңы укуктук ченемдик базаны иштеп чыгууну  демилгелеген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчилери: Сооронбай  Жээнбековго, Аалы Карашевге жана Нурханбек Момуналиевге өзгөчө ыраазычылык билдирген. 

Жыйнактын электрондук версиясын шилтеме боюнча жүктөп алсанар болот