Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Ханнс Зайдель фондусунун кызматташтыгы артууда

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Ханнс Зайдель фондусунун  Борбордук Азиядагы долбоорунун жетекчиси Макс  Майер  менен жолугушту.

Жолугушууда Кадр кызматы  менен Ханнс Зайдель фондусунун учурдагы жана 2018-жылга карата маанилүү долбоорлору  талкууланды.  Анда  А. Мадумаров  “ Биз менен  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча активдүү кызматташканыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем.  Биздин багытыбыз жана максаттарыбыз бир”,-деди .

Ошондой эле  жолугушуунун жүрүшүндө Ханнс Зайдель фондусунун  колдоосу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери  боюнча  басылып чыгарылган китептерди  тапшыруу аземи болду.

Өз кезегинде Макс Майер мырза  эки тараптуу кызматташуу  мындан ары да арта берерин белгиледи.