“Койка” эл аралык кызматташтык агенттигинин эксперттери Корея мамлекетиндеги адам ресурстарын башкаруу модели тууралуу айтып беришти

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы “Койка” эл аралык кызматташтык агенттиги менен мамлекеттик кызматкерлердин билимдерин жогорулатуу жана адам ресурстарын башкаруу ишмердүүлүгү боюнча жигердүү кызматташып келет. Алсак, буга чейин  “Кореянын бүткүл дүйнөлүк достору” долбоорунун кеңешчиси Мён-ки Ким мырза  “Башкаруу ишмердүүлүгүнүн таасирдүүлүгү деген эмне?; башкаруу ишмердүүлүгү процесси, көрсөткүчтөрү, натыйжалары, ага мониторинг жүргүзүү, кызматтык  аттестация жана  резюме”,- деген темада  электрондук лекциясын сунуштаган.

Бул жолу Мён-ки Ким мырза  Корея мамлекетиндеги  адам ресурстарын  башкаруу модели тууралуу айтып берди. Анда  ал Кореянын адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын автоматташтыруу  боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.  Жолугушуунун катышуучулары   Мён-ки Ким мырзага  кызыктырган суроолорун беришип,  андан кийин адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын автоматташтырууну  талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров  Мён-ки Ким мырзанын бул эмгектерине ыраазычылыгын билдирип, чогуу  талкуулап,  туура  чечимге келүү үчүн дагы  да тыгыз иш алып баруубуз керек. Анткени, талкуудан тактык жаралат”, -деди.

Жолугушуунун соңунда Кадр  кызматынын эмгек жамааты   мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча маанилүү долбоорлордун ишке ашуусуна кызыкдар экенин белгилешти.