Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларында семинарлар өттү

КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Алышбаев  19-20-21-декабрда  Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларында иш сапары менен болду.

19-декабрда  КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлгүнүн жыйындар залында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдердин жыйынтыгы жана мониторинг учурунда байкалган мыйзам бузууларды жоюу”,- деген темада семинар өттү.

КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары К.К. Алышбаев  КРнын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына, мыйзамдуулукту бекемдөө жана укук бузууларды алдын алуу маселелерине токтолду.

Кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Б. Аккозиев “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө  кошумча маалыматтарды берип,  андагы мыйзам бузууларды көрсөттү.

Айыл өкмөт башчылары менен жооптуу катчылардын ортосунда кадр тандоо боюнча пикир келишпестиктерди жоюу  үчүн айыл өкмөт башчылары менен бирге жооптуу катчыларды да окутуу сунушу киргизилди. Семинардын соңунда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жыйнагы” таркатылды.

 Ушул темадагы семинар 20-декабрда Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн  өткөрүлдү.

Иш-чара баарлашуу форматында өтүп, анда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жыйнагы” таркатылды.

Ал эми 21-декабрда К.К. Алышбаев Ош шаарында Өкүлчүлүктүн кызматчылары менен жолугушту. Ал кызматчылар тарабынан берилген суроолорго  түшүндүрмө берип, семинар пикир алмашуу менен өттү.