КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктеги статс-катчылык кызмат үчүн тестирлөө сынагы болуп өттү

КРнын  Өкмөтүнө караштуу  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык  мамилелер боюнча  мамлекеттик агенттиктеги статс-катчылык бош кызмат үчүн тестирлөө сынагы болуп өттү.

Бул сынакка катышуу үчүн  8 жарандан арыз келип түшүп, бирок сынакка 7 талапкер  катышкан. Алар үчүн   өз функционалдык милдеттерин билүүгө, кадрлар жана гендер  саясатына, адам ресурстарын башкарууга, каржы менеджментине  багытталган  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары  боюнча тестирлөө сынагы болуп өттү. Анын жыйынтыгы менен  сынактын кийинки этабына  2 талапкер катышууга  укук алды.

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча  Кеңештин чечиминин практикалык тапшырмаларынан кийин жана сынактын ушул этабынын жыйынтыгы менен  60% жогору балл топтогон талапкерлер  сынактын  акыркы этабы болуп саналган баарлашуу  сынагына катышат. Баарлашуу сынагы болгонго чейин талапкерлер калпты аныктоо  аппаратынан өтүшөт.