Мамлекеттик органдарда 2017-жыл үчүн статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө баа берүү иш-чарасы башталды

Мамлекеттик кадр  кызматынын директорунун орун басары  Калыбек  Алышбаевдин жетекчилиги менен мамлекеттик органдардагы адам ресурстарын башкаруу кызматтарынын адистери  үчүн статс-катчылардын ишмердүүлүктөрүн аныктоодогу  бекитилген  нормаларды түшүндүрүү максатында, семинар болуп өттү.

Ишмердүүлүктү  баалоо  2017-жылдын жыйынтыгы менен   21 мамлекеттик органдарда  6 айдан ашык  иштеген  статс-катчыларды  гана  камтыйт.

КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Мамлекеттик кызматты  өтөө бөлүмүнүн  башчысы  М. Хусаинова баалоонун жаңы ыкмасын колдонуу боюнча электрондук лекцияны сунуштады.  Ошондой эле ал семинардын катышуучуларына    жамааттык жана өндүрүштүк  баалоонун  тартиптерин түшүндүрдү.

Акыркы чечимди чыгаруу үчүн баалоонун  жыйынтыктары  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңешке  берилет. Мыйзамда статс-катчылар ээлеген орундарды аныктоо боюнча чечимди аталган Кеңеш чыгарат ал эми  жогорудагы баалоо иш-чарасы  2012-жылдан бери  өткөрүлүп келет.