“Адам ресурстарын башкаруу жана натыйжалуу ишмердүүлүк боюнча Корея мамлекетинин тажрыйбасы”,- деген темада семинар болуп өттү

“Адам ресурстарын стратегиялык башкаруу жана натыйжалуу ишмердүүлүк боюнча Корея мамлекетинин тажрыйбасы”,- деген темада семинарды “Койка” эл аралык кызматташтык агенттигинин “Кореянын бүткүл дүйнөлүк достору” долбоорунун кеңешчиси Мён-ки Ким мырза өткөрдү. Ага Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров катышып, семинар тууралуу маанилүү ой-пикирлери менен бөлүштү.

Семинарда Мён-ки Ким мырза экономикалык жактан өнүгүү процессинде мамлекеттин ролу, адам ресурстарын башкаруу саясаты жана системасы,  адам ресурстарын башкару  мезгилиндеги кыйынчылыктар, мамлекеттик органдардагы  ишмердүүлүктү баалоо системасы, мамлекеттик кызматтагы  ишмердүүлүктү натыйжалуу башкаруу, ишмердүүлүктүн натыйжасы боюнча сыйлоо иш-чаралары, кызматкерлердин билимин жогорулатуу жана башка маселелерди айтып берди.

Мён-ки Ким мырзанын лекциясынан кийин А. Мадумаров ага ыраазычылыгын билдирип, “Мён-ки Ким мырза биздин ишмердүүлүгүбүзгө анализ жүргүзүп, буга чейин да бир катар маанилүү ойлорун сунуштаган, бүгүн болсо Кореянын  адам ресурстарын башкаруу системасы тууралуу  маалыматтырды берди. Бизге “Койка” эл аралык кызматташтык агенттиги колдоо көрсөтүүдө бирок, бул кеңештерди эске алып, биздин мамлекеттик башкаруу системабыздын өзгөчөлүктөрүнө  жараша натыйжалуу иштерди аткарышыбыз керек”,-деди.

Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери Мён-ки Ким мырзага баалоо системасы, Корея мамлекети кыйын учурда кантип мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулаткандыгы тууралуу суроолорун беришип, канаттандырарлык жоопторду алышты.