Статс-катчылардын ишмердүүлүгүн баалоо иштери талкууланды

Мамлекеттик кадр кызматында  мамлекеттик органдардагы Коомдук кеңештердин төрагалары менен жолугушуу болду. Ага Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Алышбаев катышып, статс-катчылардын ишмердүүлүгүн баалоого  байланышкан  ой-пикирлери менен бөлүштү. К.Алышбаев “ Биздин башкы максатыбыз  статс-катчылардын рейтингин ачык-айкындуулук менен аныктоо . Сиздер статс-катчылардын ишмердүүлүгүн туура жана так баалап бериңиздер”-деди.   

Эске салсак, Мамлекеттик кадр кызматы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамына ылайык, статс-катчылардын  ишмердүүлүгүн  баалоо иш-чарасын өткөрөт.  

Жолугушуунун максаты  2017-жылдын жыйынтыгы менен  статс-катчылардын ишмердүүлүгүн баалоо боюнча обьективдүү маалыматтарды сунуштоо  жана ага байланышкан манилүү маселелерди талкуулоо болуп саналат.