Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму өттү

2017-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түзүлгөн   жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду.

Жумушчу топтун алгачкы отуруму Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  төрагалыгы алдында өттү. Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүү эң негизги, артыкчылыктуу маселе экенин белгиледи.  

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана тескөөнүн сарамжалдуу системасын калыптандыруу, өлкөнүн бардык региондорун динамикалуу өнүктүрүү, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү максималдуу эске алуу жана  бийлик органдары менен калктын ортосундагы эриш-аркак байланышты бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашуу жана дискуссиялар болду.

Ага КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров катышты.   Эске салсак,  2016-жылы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Дал ушул мыйзамдын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү үчүн бир катар реформалар жасалган. Алсак, региондорго билимдүү кадрларды тартуу үчүн жаңы мыйзам менен  муниципалдык кызматтын макамын мамлекеттик кызмат менен теңдештирди. Анда муниципалдык кызматтын  укуктары мамлекеттик кызматтын укуктары менен бирдей болуп, эч кандай айырма жок болуп калды. Ага ылайык, кызматка кирүү, кызматтан чыгуу жол-жоболору жана  айлык маяналарын эсептөө принциптери да бирдей болду.