2018-жылдын феврал айында Улуттук кадрлар резервинин талапкерлери үчүн тестирлөө сынагы башталат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине өтүүгө  конкурс жарыялаган. Анын алкагында 2018-жылдын 5-февралында Бишкек жана Ош шаарларындагы  Тестирлөө борборлорунда талапкерлер үчүн тестирлөө сынагы башталат.

Учурда Мамлекеттик кадр кызматында тестирлөөнүн графигин түзүү иш чарасы жүрүүдө. Бул тууралуу толук маалымат Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына жайгаштырылат.

 

Улуттук кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тестирлөө үчүн колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын болжолдуу тизмеси