Японияда билимдерин жогорулатууда талапкерлерди чектөө кенейтилди

Бүгүн, Мамлекеттик кадр кызматында JDS долбоорунун алкагында 2019-2020-жылдарга карата  кадрларды кайра даярдоо  үчүн стипендия берүү маселелери боюнча  Башкаруу комиссиясынын отуруму болуп өттү. Ага Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров, JICAнын  генералдык директорунун орун басары Такано Шинтаро жана   Башкаруу комиссиясынын   мүчөлөрү катышышты.

Анда Японияда окуу үчүн чектөөнү кеңейтүү  аркылуу аны  20  орунга жеткирүү боюнча  макулдашууларга  жетишилди. Анткени,  мурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди   магистратурада   окутуу үчүн  15 орун бөлүнүп келген. Жалпысынан  JDS долбоору  аркылуу   2019-жылга  магистрдик программа боюнча 18 адам окутулат.   Ошондой эле доктордук программа боюнча жыл сайын 2 орун каралды.

Долбоорго  өлкөбүздүн приоритеттүү тармактарында жан үрөп  иштей турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тандалып алынмакчы.  Аларды тандап алуу учурунда  иликтөө иштери боюнча пландарына, академиялык жетишкендиктери, алган билимдерин пайдаланып,  өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана талапкер тууралуу сунуш кат сыяктуу маанилүү сын-ченемдерге басым жасалат.  

Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаров  Япониянын алдыңкы  ЖОЖдорунда билимдерин жогорулатып, ошондой эле Күн Чыгыш өлкөсүнүн бай маданияты менен таанышууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге түзгөн мүмкүнчүлүгү үчүн Япония өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Сөз  кезегинде  JICAнын  генералдык директорунун орун басары Такано Шинтаро    JDS долбоорун ишке ашыруудагы Кадр кызматынын активдүү ишине ыраазычылыгын билдирип, кызматташтык көп жылдарга созуларын белгиледи.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик кадр кызматы Япониянын Эл аралык кызматташтык борбору менен биргеликте жыл сайын кадрларды кайра даярдоо программасын ишке ашырып келет. 2007-жылдан баштап JDS долбоору аркылуу Япониянын университеттеринде магистратурада окууга 176 адамдан турган 11 топ жиберилген. Бүгункү күндө анын 12-тобу түзүлүп жатат.

JDS долбоорунун максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Япониядагы университеттерде магистрдик көлөмдө билим берүү болуп саналат.