Кыргызстан JDS долбоорунун ишке ашуусунда эң алдынкы өлкө

Бүгүн, Мамлекеттик кадр кызматында  2018-2021-жылдардагы  JDS долбоорунун алкагында  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге стипендия берүү боюнча алдыңкы 4 жылдык циклына даярдык көрүү иликтөөлөрү боюнча Протоколго кол кою аземи болуп өттү.  Жолугушууда JDS долбоорунун аткарган иштеринин жыйынтыгы айтылып, Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров менен JICA башкы кеңсесинин Каржы кызматташтыгын ишке ашыруу департаментинин генералдык директору Чо Эичиро мырза протоколго кол коюшту.

Протоколдо биздин республика үчүн маанилүү 4 приоритеттүү багыттар аныкталды. Алар мамлекеттик жана муниципалдык саясат, экономикалык өсүш, региондорду, айыл чарбаны жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү болуп саналат.  Япониянын эл аралык кызматташтык JICA агенттигинин бул протоколунун алкагында, Мамлекеттик кадр кызматынын ушул жылдан тарта  магистрдик программаларга стипендианттарды 15ден 18ге чейин  көбөйтүү демилгеси колдоого алынды. Ошондой эле    жыл сайын доктордук программага 2 орун каралды.

Чо Эичиро мырза  JDS долбоору ишке ашкан 13 мамлекеттин ичинен Кыргыз Республикасы  ийгиликтүү  көрсөткүчтөрү менен алдыда экенин белгиледи. Ошондой эле ал JICA  ушул жакшы жагдайды эске алуу менен стипендианттардын санын көбөйтүп, доктордук программаны киргизгенин  кошумчалады.

Сөз кезегинде, А. Мадумаров “JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрү  карьералык тепкичте көтөрүлүү жолу менен мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалашып,  министр, статс-катчы, министрдин орун басары болушууда. JDS  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди чет өлкөлөрдө окутуудагы Мамлекеттик кадр кызматында ишке ашкан эң маанилүү долбоорлордун бири. Ошондуктан, Кадр кызматы  Кыргызстанда бул долбоорду өнүктүрүүгө бардык күчүн жумшайт”,-деди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө тилектеш экендиктерин билдиришти.