Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеш талапкерди кызматка дайындоону сунуштаган жок

19 –февралда Мамлекеттик кадр кызматынын  директору Акрам  Мадумаровдун  төрагалыгы  менен Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.

Анда  Кеңеш  бир катар маселелерди карап,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги статс-катчылык ваканттык бош кызмат ордуна Улуттук кадрлар резервиндеги талапкерлер менен баарлашуу сынагын өткөрдү. 

Баарлашуу сынагынан  кийин Кеңештин мүчөлөрү  бул кызматка  дайындоо үчүн талапкерлердин бирин да сунушташкан жок. Бул боюнча ачык сынак жарыяланат.