КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Япон өкмөтүнүн JDS долбоору аркылуу Кыргызстандан барган магистрлер окуп жаткан университеттердин профессорлорун кабыл алды

Жолугушууга JDS долбоорунун Кыргызстандагы менеджери Хигашивада Харуна, Тажикстандагы менеджери Шимана Мое, Рицумейкан университетинин профессорлору  Хироно Миуа, Хаящи Хироаки,  Япониянын эл аралык университетинин  профессорлору Тан Чиен-Тао, Хироши Щин-Ичи, Мейджи университетинин  профессору Канемура Такафуми, Хиросима университетинин профессору Такахащи Ёщи, Цукуба университетинин профессору Чо Щинь-А катышты.

Алар JDS долбоору аркылуу окууну каалаган талапкерлер менен маектешүүгө  келишкен. КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров  аларды жылуу кабыл алып, өз сөзүндө Магистрдик программаларды даярдоодо чоң жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн Япон  өкмөтүнө, долбоордун жетекчилерине, жогоруда  аталган университеттерге терең ыраазычылыгын билдирип, алардын мындан ары кызматташууну жакшыртуу боюнча ойлоруна, сунуштарына  кызыкдар экендигин айтты.

Жолугушууда долбоордун Кыргызстандагы жетекчиси Хигашивада Харуна, жогоруда аталган профессорлор чыгып сүйлөшүп, тандоону, окутууну жакшыртуу боюнча пикирлерин, сунуштарын айтышты.