Мамлекеттик кадр кызматы Эл аралык эне тил күнүн белгиледи

КРнын Мамлекеттик кадр кызматы Эл аралык эне тил күнүн белгиледи. Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына “Дүйнө Айтматовду  окуйт” акциясына катышты.

Акциянын демилгечиси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Ал эми долбоордун максаты - Чынгыз Айтматовдун атактуулугун арттыруу жана анын чыгармаларын окуу маданиятын жогорулатуу болуп саналат.

Эл аралык энетил күнү    1999-жылы ЮНЕСКОнун ноябрь айындагы  конференциясында колдоо тапкан жана ал жыл сайын 21-февралда дүйнө жүзүндөгү улуттардын эне тилин өнүктүрүүгө салымын кошуп келет.    

Ролик КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен тартылды.