Улуттук кадрлар резервине 608 талапкердин 184ү тестирлөө сынагынан ийгиликтүү өтүштү

Мамлекеттик кадр кызматында Улуттук кадрлар резервинин талапкерлери үчүн   компьютердик тестирлөө сынагы аяктады.Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку жана башкы кызматтарына 608 адамдын ичинен 184ү компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүштү.

Аталган тестирлөө сынагынан ийгиликтүү өткөндөр практикалык жана баарлашуу сынагына катышууга укук алышат.

Эске салсак, Улуттук резервге киргендер мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку жана башкы ваканттык бош кызмат орундарына келүүдө  артыкчылыктарга ээ болушат.

Улуттук резервдеги кадрларды өзгөчө тартип менен жана саясый кызматка дайындоодо да колдонуу мүмкүн.