JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясы Япония университеттеринин профессорлору менен жолугушту

КРнын  Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун төрагалыгы  менен  JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясынын   мүчөлөрү жана Япониядагы университеттердин профессорлорунун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Япониядан келген профессорлор  Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын адам ресурстарын башкарган бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен ой-пикир алмашышты.

Бул иш-чарада  Япония университеттеринин профессорлору JDS долбоорунун  Башкаруу комиссиясына Японияда  билимин жогорулатууну каалаган талапкерлер боюнча отчетторун беришти.

2018-жылы   1-2-мартта   JDS  долбоорунун  Башкаруу комиссиясы  талапкерлер менен ар тараптуу аңгемелешүү сынагын өткөрөт.