Түштүк Кореяда окуу үчүн документтерди тапшырууга 4 күн калды

Мамлекеттик кадр кызматы Кореянын эл аралык  кызматташуу агенттиги (KOICA) менен биргеликте Корея Республикасында магистрдик программа боюнча окууну каалагандардын документтерин кабыл алууну улантууда.

Бул стипендиялык программанын максаты Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Алсак, “KOICA SP 2018” долбоору аркылуу 15 курс уюштурулду.

Курстар Корея  Республикасында ишке ашмакчы жана ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышса болот.  Окутуулар айылдык жана шаардык райондорду өнүктүрүү , мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо жана илим менен технология багытында болмокчу.

Программанын негизги талабы англис тилин билүү жана мамлекеттик кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, ал эми мамлекеттик сектордо өзүнө тиешелүү чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы  болуусу керек.

Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2018-жыл 2-март

(Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Тоголок Молдо 10, бөлмө 206).

Бул тууралуу кенен маалыматты  Кадр кызматынын (www/mkk.gov.kg: МКК > Ишмердүүлүк > Кызматкерлерди окутуу > Узак мөөнөттөгү курстар) же  (0312)62-04-31 телефону аркылуу алсаңыздар болот.