Улуттук кадрлар резервине  өтүү үчүн практикалык тапшырмалардын графиги

Мамлекеттик кадр кызматы 2018-жылдын 7-мартынан баштап Улуттук кадрлар резервине өтүү үчүн сынактын 3-этабы, тактап айтканда практикалык тапшырмаларды аткаруу сынагын өткөрөт. Ага сынактын 2-этабынан ийгиликтүү өткөндөр катышышат.

Талапкерлер практикалык тапшырмаларды аткаруу этабында өлкөнүн өнүгүүсүнө байланышкан перспективдүү  багыттарга байланышкан суроолорду,башкаруу компетенциясын жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн  аныктоо максатында  кырдаалдык тапшырмаларды жана кейстерди чечишет.

Практикалык тапшырмалардын графигин төмөнкү шилтемеден жүктөп алсаңыздар болот:

Практикалык тапшырмаларды аткаруу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында өтөт. (Панфилова көч. 237  бөлмө ал жакка кирүү Орозбекова кочөсү аркылуу ). Ошондой эле Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүндө  өтөт. (Ош шаары Ленина көч.221)