Жалал-Абад шаарында окутуу-кеңеш берүү бөлмөсү иштеп баштады

2018-жылдын 27-февралынан тартып  Мамлекеттик  кадр кызматынын окутуу-кеңеш берүү бөлмөсү Жалал-Абад  шаарында  иштеп баштады.

 

Бул жерден  жарандар мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү тууралуу кенен маалыматтарды алып, билимин сынап көрүү үчүн тестирлөөгө катышса болот.

 

Жазылуу (03722) 2-43-06 телефон номуру аркылуу жүргүзүлөт.

 

Ушундай эле окутуу-кеңеш  берүү бөлмөлөрү  бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аппаратында (Бишкек ш.) жана Түштүк аймактык өкүлчүлүгүндө (Ош ш.) иштеп келүүдө.