Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.К. Мадумаров айымдарды 8 март - Аялдардын эл аралык аялдар күнү менен куттуктады

Кымбаттуу айымдар!

Сиздерди 8-Март – Эл аралык аялдардын күнү менен чын дилимден куттуктоого уруксат этиңиздер!

Аялдар жашоону жана сүйүүнү бизге тартуулап, бул дүйнөнү эң сонун жана кайрымдуу ааламга айландырат. Алар үйдө жайлуулук түзүп, эркектер үчүн кайсы болбосун кырдаалдарда жөлөк болуп саналат.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдарында кызмат өтөгөн аялдарды өзгөчө куттуктап, жылуу сөздөрдү айткым келет. Көпчүлүгүңүздөр өз таланттарыңыздарды колдонуу жолдорун таап, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ийгиликтүү иштөө менен, колуңуздардан көп нерселер келе тургандыгын көрсөтүүдөсүздөр!

Кыргызстандын баардык аялдарын куттуктап, ден соолук жана жеке бакубат жашоо каалайм. Сиздерди жана Сиздердин жакындарыңызды дайыма сүйүү жана жыргалчылык коштосун!

Майрамыңыздар менен!

                        Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик кадр

кызматынын директору                                                                                     А.К. Мадумаров