Кыргызстанды кимдер башкарат? Мамкызматкерлер тууралуу кызыктуу факты

Күн сайын 16 миңден көбүрөөк мамлекеттик кызматкер Кыргызстандын башка жарандары жакшы жашашы үчүн жумушка чыгат. Өлкөнүн жашоосунда мынчалык маанилүү роль ойногон адамдар ким экенин билип көрдүк. Учурда бул жаатта 16 539 адам эмгектенет.

Алардын 58 пайызы эркектер болсо, 42 пайызы аялдар. Аткаминерлердин көпчүлү кызматта 6 жылдан 10 жылга чейин отурат.

Дээрлик бардык кызматкерлердин (93 пайыз) жогорку билими бар. Жада калса алардын ар бир сегизинчиси эки диплому бар экенин айтып мактана алат.

Маалымат булагы: https://sputnik.kg/