Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаров Ханнс Зайдел фондусунун өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаров доктор Сюзанне Лютер башында турган  Ханнс Зайдел фондусунун  өкүлдөрү менен жолугушту.

Ал Ханнс Зайдел фондусуна караштуу Эл аралык кызматташтык институтунун директору доктор Сюзанне Лютерди жылуу тосуп алып,  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын эффективдүүлүгүн арттыруу маселелеринде көрсөткөн колдоосу үчүн ага  жана фондго ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекеттик кадр кызматы Ханнс Зайдел фондусу менен узак мезгилден бери  туруктуу жана натыйжалуу кызматташып келет. Алсак, аталган фонд менен мамлекеттик жана муниципалдык  кызматкерлердин билимин жогорулатуу багытында магистрдик программаларды ишке ашырып келет.

Акрам Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматы мындан ары да Ханнс Зайдел фондусу  менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын жакшыртуу  максатында, кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.