Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Б. Аккозиев Ханнс Зайдель фондусунун стипендиаттары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын менен Ханнс Зайдель Фондусунун стипендиаттары ошондой эле стипендиаттардын Ош аймактык тобунун башкармалыгынын мүчөлөрү  КРнын Мамлекеттик Кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Аккозиев менен жолугушушту.

 

Аталган жолугушуу «Кыргыз  Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун арттыруудагы жаңы багыттар» деген темада болду. Иш-чарага КРнын Мамлекеттик Кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси жана Ханнс Зайдел фондусунун стипендиаты Гулмира Ыбышова катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Алмаз Аккозиев Мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу системасын жакшыртуунун негизги багыттары жана учурда жүрүп жаткан реформалар боюнча кеңири маалымат берди.

 

Мындан сырткары Ички кадрлар резерви жана Улуттук кадрлар резервинин иштөө механизмдери, мамлекеттик кызматчылардын ишин баалоонун тартиби, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуунун жаңы эрежелери  жана конкурс өткөрүүнүн өзгөртүлгөн тартиби менен тесттен өтүүдөгү өзгөчөлүктөр боюнча берилген суроолорго жооп берди. Ал Улуттук кадрлар резервин түзүү иштери азыр да кызуу жүрүп жатканын, Кадр кызматы тарабынан жүргүзүлгөн реформалардын акырындап ишке ашуусу менен  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өз жөндөмдүүлүктөрүнө жана аракетине жараша жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып жаткандыгын билдирди.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Ханнс Зайдель Фондусунун стипендиаттарынын Ош аймактык тобунун башкармалыгынын мүчөлөрү Мамлекеттик Кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгү менен тыгыз  иш алып барарын билдиришти.