Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеш үч мамлекеттик органдагы статс-катчылык бош орунга талапкерлерди сунуштоо боюнча чечим чыгарды

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеш  КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги, КР Өкмөтүнө  караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматындагы  жана  КР Өкмөтүнө  караштуу  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  жана этностор  аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктеги статс-катчылык бош орунга  талапкерлер менен баарлашуу сынагын өткөрдү. Аталган 3 мамлекеттик органдардагы бул кызматка 39 адам ат салышты.

Баарлашуу сынагынан  кийин Кеңештин мүчөлөрү  бул кызматка  дайындоо үчүн төмөнкү талапкерлерди сунуштады.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги статс-катчылык бош орунга 17 талапкердин ичинен  Адиев Каныбек Маматбекович .

КР Өкмөтүнө  караштуу  Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматындагы статс-катчылык бош орунга 11 талапкердин ичинен Конокбаев Талант Абдыкадырович.

КР Өкмөтүнө  караштуу  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  жана этностор  аралык  мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигиндеги статс-катчылык бош орунга 11 талапкердин ичинен Нурматов Маматкасым Айтматович.

Эске салсак,  «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин макулдугу менен  статс-катчыны Кыргыз Республикасынын премьер-министри дайындайт.