Улуттук кадрлар резервине кабыл алуунун акыркы этабы башталды

Мамлекеттик кадр кызматында Улуттук кадрлар резервине кабыл алуунун акыркы этабы башталды. Сынактын финалдык этабына 41 адам  өтүп, алардын 23ү  жогорку кызматка 18и  башкы кызматка ат салышып жатат. Баарлашуу сынагы 3 күн созулуп, андан кийин Улуттук кадрлар резервине киргендердин тизмеси түзүлөт.

Эске салсак, Улуттук кадрлар резервине өткөндөр,  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жогорку жана башкы кызмат орундарындагы ваканттык  орундарга келүүдө приоритеттүү укуктарга ээ болушат. Ошондой эле Улуттук резервдегилерди өзгөчө тартип менен кабыл алган кызматтарга, саясый кызматтарга да дайындаганга мүмкүн.