Мамлекеттик кадр кызматынын эмгек жамааты ишембиликке чыгышты

21-апрелде Кадр кызматынын кызматкерлери  3 айга жарыяланган  республикабыздын шаарларын жана башка калк жашаган пунктарды тазалоо жана жашылдандыруу  боюнча  «Таза жашоо» девизинин алкагында ишембиликке чыгышты.

Кадр кызматынын эмгек жамааты директор Акрам Мадумаров менен бирге  Аламүдүн айыл өкмөтүндөгү  “Тумар” бала бакчасынын айланасын тазалашты.

Эмгек жамаат ал жерди тазалоо менен бирге  тал-теректердин көчөттөрүн отургузушуп, керексиз акыр-чикирлерди чыгарышты.