КРнын Юстиция министрлигиндеги статс-катчылык кызматка сынак жарыяланды

КРнын Мамлекеттик кадр кызматы  КРнын  Юстиция  министрлигиндеги  ваканттык бош кызмат  орунга  ачык сынак  жарыялады.

Документтерди  кабыл  алуу үстүбүздөгү жылдын 8-майына чейин уланат. Сынак компьютердик тестирлөө, практикалык тапшырмаларды аткаруу , калпты аныктоочу аппараттан өтүү жана баарлашуу этаптарынан турат.

Бул тууралуу кенен маалымат  КРнын  Мамлекеттик кадр кызматынын  сайтына жайгаштырылган.