Кадр кызматында маанилүү жолугушуу болду

Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаров  эл аралык коррупция менен күрөшүү боюнча Трансперенси  Интернешнл уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту. Аларды аталган уюмдун Кыргызстандагы директору Айгүл  Акматжанова жетектеп келди.

Жолугушууда Акрам Мадумаров  конокторго  Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы саясат тууралуу айтып берди.

Ошондой эле алар Кыргызстанда  коррупциянын денгээлин азайтуу боюнча кызматташуу жана ушул көйгөй боюнча иш-чараларды  жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашышты. Тараптар коррупция боюнча өз ой-пикирлерин  ортого салышып, андагы маанилүү көйгөйлөрдү белгилешти.