Мамлекеттик кадр кызматынын директору ветеринардык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн Т. Абдумомунов атындагы  Кыргыз улуттук драма театрында Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясы ветеринардык кызматкерлер күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурду.

Анда Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү. А. Мадумаров  өз сөзүндө  “Ветеринария – агро өнөр жай комплексин ийгиликтүү өнүктүрүүнүн  эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Өзүнүн талыкпаган эмгеги менен ветеринардык медицинанын кызматкерлери мал чарба продукциясынын сапатын  иштеп чыгуу жана сактоо эрежелерин көзөмөлдөп, адамды коркунучтуу оорулардан коргоп, малдын ден соолугун коргоп келе жатышат,  демек тамак-аш коопсуздугу элдин жана мамлекеттин коопсуздугу болуп эсептелет”,-деди.

Ошондой эле, ал Евразия Экономикалык биримдигине кирүү үчүн ченемдик укуктук актыларды жана материалдык-техникалык базаны даярдоо иштеринде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эмгегин өзгөчө белгилеп кетти.