Жаш кадрлар муниципалдык башкаруу чөйрөсүн чыгармачылык менен өздөштүрүшүүдө

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында жогорку окуу жайлардын жаш изилдөөчүлөрү, студенттери жана окутуучулары катышкан семинар-конкурс болуп өттү.

 Семинар- конкурстун жобосуна ылайык, баяндамаларды баалоодо “Антиплагиат” программасы колдонулду. Атайын конкурстук комиссия эмгектерди иргеп алып, алардын авторлору конференцияда өз эмгектерин жактап, жыйынтыгында мыкты баяндамалар аныкталды.

1-орунду “Балыкчы шаарын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы” баяндамасы үчүн Бишкек гуманитардык университетинин студенти Туратбекова Гүлзада жеңип алып, Apple планшети менен сыйланды.

2-орунду “Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн учурдагы абалы” баяндамасы үчүн Кыргыз улуттук университетинин студенти Сатыбалдиев Токтор жеңип алып, санариптик фотоаппаратка ээ болду.

Дагы бир 2-орунга “Кочкор районундагы өз алдынча башкаруунун социалдык-экономикалык абалы” баяндамасы үчүн И.Арабаев атындагы университеттин студенти Асанбеков Жеңиш татыктуу болуп, ага электрондук китеп ыйгарылды.

3-орунду “Муниципалдык кызматтагы укуктук статус: Түндүк Европада жана Кыргызстанда” баяндамасы үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын студенти Дүйшеев Азамат жеңип алып, “Раритет” китеп дүкөнүнө 4500 сомдук сертификатка ээ болду.

Дагы бир 3-орунга  “Оору тобокелчиликтерин азайтуу стратегиясы” баяндамасы үчүн Кыргыз улуттук университетинин студенти Майрамбеков Феликс татыктуу болуп, ал дагы “Раритет” китеп дүкөнүнө 4500 сомдук сертификат менен сыйланды.

Ошондой эле семинар сынактын бир топ катышуучулары көптөгөн кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Иш-чарада өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Семинар-конкурстун максаты – болочок башкаруучулардын көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына, көйгөйлөрүнө жана келечегине буруу болду. Семинар 2017-жылдын ноябрынан 2018-жылдын 30-мартына чейин Кыргызстанда өткөн баяндамалар конкурсунун жыйынтыктоочу иш-чарасы катары өттү.

“Бул конференция Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө гана арналбастан, анын көйгөйлөрү, кемчиликтери жана пландары тууралуу илимий изилдөөлөр аркылуу жакыныраак таанышып караганга жардам берет. Ошондой эле КР Президентинин жарлыгына байланыштуу 2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланышы менен, бул чөйрөдө быйылкы жылы көптөгөн ийгиликтерге жетишип, алгылыктуу иш-чаралар ишке ашат деген үмүттөбүз. Анткени бул багытта өлкөбүздүн элет аймактарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталган көптөгөн программалар жана пландар түзүлүп, алардын ишке ашуусу жогорку бийлик тарабынан көзөмөлгө алынмакчы»,-деди КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Насыров Алмаз.