Казакстандык кесиптештер менен тажрыйба бөлүшүү

Мамлекеттик кадр кызматынын тестирл__ борборунда кадр кызматкерлеринин алдында Кызыкстандын Мамлекеттик башкаруу академиясынын  башкаруу институтунун директору Абиль Ерлан Куанышевич өз өлкөсүндөгү болуп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. «Казакстанда элге кызмат кыла турган кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү үчүн көңул бөлүнүп жаткандыгын, мындай күчтүү кадр кызматын түзү мамлекеттин өнүгүп өсүшүнө шарт түзөөрүн» өз сөзүндө баса белгилеген Ерлан Куанышевич – Бул тармакты модернизациалоо «Казакстан - 2050» стратегиясынын негизги приоритети экендигин, бул жылдардын аралыгында үч реформа жүргүзүлгөндүгүн, алардын бардыгы кадр кызматына, башкаруу системасына байланштуу экендигин айтып өттү.

Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери жолугушуунун жүрүшүндө Казаксандын башкаруу институнун директоруна суроолорду берип жоопторду ала алышты.

Жолугушууга Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары К.Алышбаев катышып, бул кызыктуу бетачаар жолугушуу үчүн ыраазылык билдирип, мындан ары да кадр кызматында кызматташуулар болуп тураарын белгилеп өттү.