Директор А.Мадумаров меморандумга кол кою үчүн Кытайга учуп кетти

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегациянын курамында Кытай Эл Республикасына официалдуу визит менен учуп кетти. Бул мамлекеттик визиттин алкагында эки тараптуу  бир катар докменттерге кол коюлушу күтүлүүдө. Алардын катарында адам ресурстарын өнүктүрүүнүн алкагында кыргыз республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Кытай Эл Республикасынын өз ара түшүнүшүү меморандуму да бар.

Баса белгилеп кетүүчү нерсе, Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун алкагында КЭРдин Комерция министрлиги менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп келет.