Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын күнүн белгиледи.

Бүгүн, 22-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Республика боюнча баардыгы болуп 76 адам - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» жана 57 адам «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгилери менен сыйланды. Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдыңкы кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы Т.Б.Бекбоев кызматчыларды куттуктап, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын күнүнө арналган мамлекет башчысынын кайрылуусун окуп чыкты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем дем соолук, бейпилдик, тынчтык, жакшылык жана кесиптик ишмердиктеги чыгармачыл демилгелерди каалады.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын күнү менен куттуктоолорго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисинин орун басары Т.Т.Шаболотов, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин орун басары К.Б.Шадыбеков жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.Т.Насыров кошулушту.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар республиканын баардык аймактарында өткөрүлүп, эң татыктуу кызматкерлерге атайын куттуктоолор айтылып жатат.