Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын алдындагы ченемдик укутук актыларга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүүгө сунуштамаларды, ой-пикирлерди кабыл алуу үчүн жана тийиштүү маселелерди талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Директору А.К.Мадумаров райондук мамлекеттик администрация башчылары,  Кыргыз Республикасынын Улуттук кадрлар резервинде турган жарандардын, Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик, муниципалдык органдардын жетекчилеринин катышуусу менен 2018-жылдын 28-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында атайын жыйналыш өткөрдү. Чогулуш тегерек стол форматында өтүп, катышуучулардын саны 35 адамды түздү. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.М.Махамаджанов ачып, Мамлекеттик кадр кызматынын Директору А.К.Мадумаровко сөз берди. Андан соң Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Б.Аккозиев Ош,Жалал-Абад жана Баткен облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматына тиешелүү бир канча стаистикалык маалыматтар менен малекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тестирлөөдө колдонулуучу негизги тесттин укуктук ченемдик актыларынын тизмесин катышуучуларга тааныштырып өттү. Кезек суроо жооп жана сунуштарга жетип, катышуучулар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тиешелүү көйгөйлүү суроолорду берип, аларга так жана ачык жоопторду алышты. Алсак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.М.Махамаджанов:

  • Бош кызмат орундарга 1 айлык мөөнөткө конкурска чейин кызматчы алып иштетип туруу жагын мыйзамга киргизсе болобу?
  • Болбойт, анын ордуна конкурстун процедураларын тездештирүү боюнча жоболорго өзгөртүү киргизебиз.

Ош шаардык мэриясынын кадр бөлүмүнүн башчысы М.Айдарбекова:

  • Чет өлкөгө мамлекеттик кызматкерлерди окууга жибергенде региондогу кызматчылардан аз барып жатканынын себеби эмнеде?
  • Узак мөөнөттүү окууларга чет өлкөлүк окуу жайлардын тиешелүү квалификацияларына ылайык келбей жатышат. Ал эми кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуу курстарына тармагына карап 50 пайызга чейин региондордон жиберебиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу малекеттик мүлк фондунун Ош аймактык бөлүмүнүн жетекчиси А.Т.Тажибаев:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий кызмат орундарына конкурс менен алуу керек.
  • Саясий кызмат орундарына шайлоо жолу менен дайындалгандыктан конкурс өткөрүлбөйт. Бирок квалификациялык талаптарын кайра карап чыгуу керек. Мындан сырткары саясий кызматчыларды окутууну колго алып күчөтөбүз.

Араван районун акими К.Г.Айтибаев:

  • Бош орунга талапкерлер конкурстан өтүүдө кыйналып жатышат, өткөн соң айлык акысынын аздыгына чыдабай кайра иштен кетип калып жатышат, кандай чара көрөбүз?Техникалык кызматкерлердин айлык акылары 3000 сомдун тегерегинде, алардын да айлык акысын жогорулатуу керек.
  • Кызматкерлердин айлык акысынын базалык ставкасын 5000 сомдон 10000 сомго көтөрүү жагын азыр демилгелеп жатабыз. Өкмөт тиешелүү токтомго кол коюп колдоп берсе эөң аз айлык акы 16000 сомдун тегерегинде болуп калат. Техникалык кызматкерлердин айлык акысын да жогорулатуу сунушунузду эске алабыз.

Катышуучулар жогорудагы суроолордон сырткары мамлеккеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү үчүн көптөгөн сунуш пикирлерин айтышты. Жыйынтыгында Мамлекеттик кадр кызматынын Директору А.К.Мадумаров айтылган ар бир суроого жооптор берилип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөтүүлөр толуктоолор киргизилип жатканда айтылган сунуштар эске алынаарын билдирди.