Түштүктө ачык эшик күнү өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык Өкүлчүлүгү тарабынан Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата ушул жылдын 20-июнь күнү ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн ачык эшик күнү өткөрүлүп, ага 24 бүтүрүүчү катышты. Катышуучулар мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат туурасында дагы да кененирээк маалыматка ээ болуу менен бирге КР Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгү туурасында жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш чараны өкүлчүлүктүн жетекчиси А.Аккозиев ачып, келечек кесип ээлерине ар дайым мамлекеттин кызыкчылыктарын жогору коюуу менен өз мамлекетибиздин патриоту катары кызмат кылуу керектигин баса белгиледи. Студенттер үчүн мамлекеттик муниципалдык кызматка кирүү жана кайсы ченемдик укуктук актыларга көнүл буруп сынактарга даярдануу керектиги туурасында атайын даярдалган слайд менен кошо алардын берген суроолоруна кенен жооптор берилди. Андан соң өкүлчүлүктүн окутуу-консультативдик борборунда даярдануучу тесттен өтүшүп, өздөрүнүнүн КР мыйзамдарын билүү денгээлин текшерип көрүштү.

2018-жылдын 22-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ыйгарым өкүлчүлүктөрү менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат күнүнө карата салтанаттуу жыйындар болуп өттү. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын отличниги төш белгилери жана Ардак грамоталары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, тапшырылды. Ушуга улай 25-июнь күнү Ош шаардык мэриясы тарабынан Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматчылары үчүн салтанаттуу жыйын уюштурулуп, жыйында өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары Т.М.Зикиров Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамоталарын муниципалдык кызматкерлерге тапшыруу менен Ош шаардык мэриясына жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун куттуктоосун окуду.

Мындан сырткары 26-июнь күнү Өкүлчүлүктүн демилгеси менен ОшМУнун БиМ факультетинде студенттер, окутуучулар жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өнүгүү перспективалары” деген темадагы тегерек стол болуп өттү. Иш чарада жалпысынан 20 адам катышып, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүгүүсүнүн басып өткөн этаптары жана жанылыктары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө инновациялык методдорду колдонуу сыяктуу актуалдуу докладар окулган соң катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жоопторду берүү менен кызыктуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында катышуучулар майрамга карата өз каалоолорун айтышып, уюшулган тегерек столдун жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилешти.